2023-жылы Кыргызстан Кытай менен 19,8 млрд долларга соода жүргүзгөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 4,43 млрд долларга же 29%га көп. Бул тууралуу “Логистан” телеграм каналы Кытайдын Бажы кызматына таянып жазды.
Кытайга Кыргызстандын продукциясын жеткирүү 2%га көбөйүп, 0,08 млрд долларга чейин өскөн.
Кыргызстанга кытай товарларынын импорту 4,43 млрд долларга же 29%га көбөйүп, 19,72 млрд долларга жеткен.
Ал эми эң активдүү экспорт Кыргызстандын рудалары – 0,06 млрд долларга (+24%), пахта – 0,01 млрд долларга (+494%) экспорттолгон.
Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон эң мыкты 10 товардын катарына: