Быйыл январь айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 304 миллион 463,6 миң долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,9%га өстү. Бул тууралуу Centralasianlight.org Улуттук статистикалык комитетке таянып билдирди.
Кытайдан келген импорттун көлөмү 298 миллион 752,4 миң долларды түздү. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 23,5%га өстү.
Ал эми январь айында экспорттун көлөмү 215.7%га жетип, 5 млн 711,2 миң долларды түзгөн. 2022-жылдын январь айында ал 1 миллион 809 миң долларды гана түзгөн.