Кыргызстан балык, картошка жана төө буурчак экспортун баштоону пландоодо. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, товар экспорттоодо белгилүү талаптар бар, департамент азыр Кытай тарап менен кат алышууда.
“Ошондой эле Кытайга картошка жана төө буурчак жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жеткирүүлөрдү баштоо үчүн өнүмдөрдү сертификациялоо үчүн сертификаты бар лабораториялар керек”, - деди министр.