Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөнүн эң жогорку стадиясында

19.12.2023, 14:35 Акчабар
Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөнүн эң жогорку стадиясында

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөнүн эң жогорку стадиясында турат. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы милдеттенмелерди төлөөгө 53 млрд сом каралган. Келерки жылы бул багытка 66 млрд сом жумшоо пландалууда.

"Этаптан ишенимдүү өтүү үчүн Каржы министрлиги кийинки жылдын бюджет саясатын профицит менен түздү. Бул кошумча каражат тартпастан карызды төлөөгө негиз түзөт", - деп белгиледи министр.

Кошумчаласак, 30-сентябрга карата мамлекеттик карыз 5 миллиард 987 миллион долларды түзөт.

Тэги: карыз Каржы министрлиги Алмаз Бакетаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу