Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 26%га өстү

19.04.2024, 16:00 Акчабар
Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 26%га өстү

Президент Садыр Жапаров Астана шаарына болгон расмий сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басыма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди”, - деп айтылат маалыматта. 

Казак президенти эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюлуп жатканын, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

“Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жыл сайын кеңейүүдө. 2023-жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 млрд долларга жетип, 26%га өскөн. Бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга чейин көтөрүү керек”, - деди Касым-Жомарт Токаев. 

Ошондой эле, Садыр Жапаров Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

"Тараптар жакынкы келечекте боордош эки элдин кызыкчылыгында ишке ашырыла турган күн электр станцияларын, ферросплав заводун, индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу сыяктуу эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат", - деп айтылат билдирүүдө. 

 

Тэги: Казакстан Кыргызстан өз ара соода жүгүртүү соода жүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу