Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылуу маселелери козголду.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
- агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу;
- айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу;
- айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо;
- соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандын КЭРге айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо.