Кыргызстан менен Кытай темир жол портун курууну талкуулады

15.04.2024, 16:42 Акчабар
Кыргызстан менен Кытай темир жол портун курууну талкуулады

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы Сиань шаарында болуп, Сиань кургактык темир жол портунун жетекчилиги менен жолугушту.  Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын аймагында ушундай эле ири темир жол портун куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул демилге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу өзгөчө актуалдуу. Сиань портунун жетекчилиги буга чейин Кыргызстан менен Кытайдын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлгөн долбоорго кызыктар экенин билдирген.

Кыргызстанда темир жол портунун курулушу Кытай-Борбордук Азия-Европа транспорт коридорун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, бүтүндөй аймактын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болору күтүлүүдө.

 

Тэги: Кыргыз-кытай темир жол порт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу