Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 4 млрд долларды түздү

25.12.2023, 13:00 Акчабар
Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 4 млрд долларды түздү

2023-жылдын он айында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 12 млрд 298 млн долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2 млрд 452 млн долларга же 25%га көп. Бул тууралуу Борбор Азиянын экономикасын жазган “Logistan” телеграм каналына жарыяланды. 

Бул аралыкта Кыргызстан 2 млрд 444 млн долларлык продукцияны экспорттогон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 558 млн долларга же дээрлик 30%га көп.

Импорттук түшүүлөр 9 млрд 854 млн долларга жетти, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 895 млн долларга же 24%га көп.

Кыргызстандын алдыңкы 3 соода өнөктөшүнүн катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Кытай – 4 млрд 309 млн доллар (+26%); 
  • Орусия– 2 млрд 207 млн доллар (-25%);
  • Казакстан — 1 млрд 115 млн доллар (+14%). 

 

Тэги: соода жүгүртүү Кытай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу