Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 11,9 млн долларды түздү

17.03.2023, 16:20 Акчабар
Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 11,9 млн долларды түздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пакистан Ислам Республикасынан келген ишкерлер менен жолукту.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз  кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызыктар болгон пакистандык бизнес өкүлдөрүнүн иш сапары эки өлкөнүн экономикасынын өз ара өнүгүүсүнө чоң үмүт берээрин билдирди.

“Жолугушууда тараптар негизинен фармацевтика, жеңил өнөр жай, энергетика, билим берүү, инвестициялык, технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү 11 млн 961 миң АКШ долларын түзгөн. Эки тараптуу соода жүгүртүү тармагын мындан ары дагы жакшыртуу максатында Кыргызстандын Пакистандагы Лахор шаарында жайгашкан соода үйүндө кыргыз продукцияларынын арбын болушуна баардык аракеттер жумшалат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу