2023-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 11,7 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, былтыр Тажикстандын соода жүгүртүүсү 2,5% өскөн. Акчалай алганда ал 1,7 млрд долларды түзөт.
Белгиленгендей, Тажикстандын негизги өнөктөшү Орусия, бул өлкө менен товар жүгүртүү Тажикстандын жалпы тышкы соодасынын 20,6%ын ээлейт.
Ошондой эле, Борбор Азиядан эң көп Тажикстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 1,1 млрд долларды түзөт.