Ашхабадда Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттиги, өлкөнүн Түркмөнстандагы элчилиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган Кыргызстан менен Түркмөнстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анда экономикалык иш-чаралардын түрдүү багыттары боюнча 20дан ашык меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга текстиль өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, тамак-аш өнөр жайы, IT технологиялар жана мунай химиясы сыяктуу экономиканын түрдүү тармактарында иштеген 17 кыргызстандык компания катышты.
“Түркмөн тараптан курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт жана логистика, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле IT-технологиялар менен алектенген 40 компаниянын өкүлдөрү катышты”, - деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу талкууланды.