Кыргызстан менен Улуу Британия эмгек укугу боюнча меморандумга кол коюшту

23.05.2023, 09:47 Акчабар
Кыргызстан менен Улуу Британия эмгек укугу боюнча меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Улуу Британия кыргыз жумушчулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Улуу Британиянын Эмгек мыйзамдарын эксплуатациялоого жана бузууга каршы күрөшүү кызматы (GLAA) жана Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору” Улуу Британиядагы кыргыз жумушчуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, былтыр Кыргызстандын 1500гө жакын жараны Улуу Британияда сезондук жумуш программасы боюнча иштеген. 

Быйыл эмгек мигранттарынын саны 5 миңден ашат деп күтүлүүдө.
Меморандумга ылайык, тараптар:

  • Кыргызстандын эмгек мигранттары жөнүндө маалымат алмашуу;
  • эч кандай эрежелерди бузбоо боюнча иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин иши жөнүндө маалымат алмашууга;
  • мониторингди уюштуруу;
  • өз ара потенциалды жогорулатуунун үстүндө иштөө;
  • Кыргызстандын жарандарын эксплуатациялоодон жана кордоодон коргоо үчүн биргелешип аракеттенүү.

Тиешелүү документке GLAA өкүлү Даррил Диксон жана “Жарандарды ишке орноштуруу борборунун” директору Алмаз Алыбаев кол койду. Меморандум кол коюлгандан тарта күчүнө кирди. Ал эки жылга мерчемделген .

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу