Кыргызстан менен Өзбекстан чыгарган унаалар 13 миң доллардан башталат

24.01.2023, 15:59 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстан чыгарган унаалар 13 миң доллардан башталат

Кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн кызматташтыгынын негизинде чыгарыла турган унаалардын баасы 13 миң доллардан башталат. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында “ДТ Техник” ЖЧКсынын директору Фархатжон Досматов билдирди.

Маалыматка ылайык, автоунаа заводу Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында курулат.

“Баштапкы этапта биз Chevrolet жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарууну пландап жатабыз. Жеңил унаалардын баасы 13 000 доллардан, жүк ташуучу унаалар болсо 28 000 доллардай болот. Биз тарифтерди көтөргөн жокпуз, болгону ишкананы салыктан бошотуп, Өзбекстан менен Казакстандагыдай алгачкы кадамдар жасалып, иш башталсын деп жатабыз”, - деди Досматов. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда унаа чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн. Долбоорду Өзбекстандан “Узавтосаноат” акционердик коому, ал эми Кыргызстандан “ДТ Техник” ЖЧКсы жана “Нур” акционердик коому ишке ашырат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу