Кыргызстан менен Өзбекстан текстиль тармагында кызматташтыкты өнүктүрөт

18.03.2024, 14:00 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстан текстиль тармагында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстандын Өзбекстанстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Өзбекстандын “Узтекстильпром” текстиль жана тигүү-трикотаж өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Илхом Хайдаров жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын текстиль тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. 

“Тараптар эки тараптуу кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришти. Текстиль жана тигүү секторлорунда кызматташууну мындан ары чыңдоо боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга, учурдагы жана келечектеги долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду”, - деп айтылат маалыматта. 

Элчилик менен ассоциациянын активдүү өз ара аракеттенүүсүн улантуу боюнча макулдашылды. Кыргызстандын аймактарында текстиль кластерин жана биргелешкен ишканаларды ачуу белгиленди.

 

Тэги: Өзбекстан текстиль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу