Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 87,8 млн долларды түздү

26.10.2023, 15:30 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 87,8 млн долларды түздү

Жылдын январь-августунда Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 87,8 млн АКШ долларын түздү. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен экспорттук жөнөтүүлөр 41,9 млн доллар, импорт 45,9 млн доллар болгон.

Экспорт:

- тирүү жаныбарлар - 26,9 млн доллар;
- жемиштер - 1,5 млн доллар;
- жашылчалар - 2,9 млн доллар;
- дан эгиндери - 2,4 млн доллар;
- сүт жана сүт азыктары - 2 млн доллар;
- жашылча-жемиштерди кайра иштетүү продукциясы - 1,2 млн доллар;
- алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар - 2,0 млн доллар;
- пахта буласы - 0,8 млн доллар.

Импорт:

- жемиштер - 22,4 млн доллар;
- жашылчалар - 11,4 млн доллары;
- дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар - 2,7 млн доллар;
- алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар - 2,8 млн доллар;
- тамеки - 1,1 млн доллар;
- кант жана кондитердик азыктар - 0,5 млн доллар.

Тэги: соода жүгүртүү айыл чарба экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу