Кыргызстан Монголияга 18 тонна жүн экспорттошу мүмкүн

21.02.2024, 12:00 Акчабар
Кыргызстан Монголияга 18 тонна жүн экспорттошу мүмкүн

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содн Ганхуяг менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев кыргыз тарап 18 тонна кыпчык жүндү органикалык жер семирткич катары кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого даяр экенин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда ветеринардык коопсуздук жана мал жандыктардан алынган продукциянын сапатын көзөмөлдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында министрликке караштуу Ветеринардык кызматы менен Монголия өкмөтүнүн Ветеринардык кызматынын башкы башкармалыгынын ортосундагы меморандумга кол коюу маселеси талкууланды.

Аталган документ ветеринардык көзөмөл жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө эффективдүү кызматташуунун пайдубалын түптөп, продукциянын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандартын камсыз кылууга жардам берет.

Эки тарап тең өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана бул багыттар боюнча өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Тэги: экспорт Монголия айыл чарба Бакыт Төрөбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу