Турак жайдын жеткиликтүүлүгүнүн дүйнөлүк индексинде Кыргызстан 15,5 упай менен 109 мамлекеттин ичинен 82-орунду ээледи. Мындай маалыматты numbeo рейтинг порталы берди.
Рейтингдин биринчи орундарында Сауд Арабиясы, Пуэрто-Рико, Түштүк Африка Республикасы, АКШ жана Палестина турду. Акыркы орундарда Сирия, Гонконг, Ямайка, Камбоджа жана Шри-Ланка турат.
Турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча Казакстан 35-орунда, Өзбекстан 81-орунда. Орусия болсо 47-орунда.