КР Катардагы элчиси жергиликтүү компаниялар менен айыл-чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жолугушуу Доха шаарында эл аралык «Жибек жол» көргөзмөсүндө өтөт, деп билдирди ТИМ.
Кыргызстандын ишкерлери балдын түрлөрүн, кургак мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды «Виладж» соода борборунун аянтында көргөзмөгө коюшту.