Быйыл жети айда Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызын тейлөөгө 22 млрд 169,3 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул акчанын көбү тышкы карызга – 15 млрд 218,2 млн сом, дээрлик 69% түздү. Себеби, өлкө олуттуу сумманы, 11 млрд 671,1 млн сомду негизги карыз боюнча, пайыздар боюнча 3 млрд 522,5 миң сом төлөөдө.
Кыргызстан ички карызды тейлөөгө 6 млрд 951,1 млн сом жумшаса, анын 2 млрд 977,6 млн сому негизги карызга, дагы 3 млрд 973,5 млн сому пайыздарга туура келген.