Кыргызстанда балык жана балык азыктарынын экспорту дээрлик эки эсеге көбөйдү

16.08.2021, 12:53 Акчабар
Кыргызстанда балык жана балык азыктарынын экспорту дээрлик эки эсеге көбөйдү

Кыргызстан балыкты жана балык продукциясын экспорттоону дээрлик эки эсеге көбөйттү. Январь-июнь айларында республика бул продукцияны 5 миллион 600,7 миң долларга экспорттогон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилинде 1,9 миллион доллар болчу.

Өсүш негизинен жаңы жана тоңдурулган форель балыгын жана андан жасалган продукциялардын көбөйүшүнүн эсебинен болду. Январь-июнь айларында бул продукциянын экспортунун өсүшүнүн эсебинен ишканалар кошумча түрдө 2 млн 145,4 миң доллар алышты. Жалпысынан форель жана андан алынган продукция январь-июнь айларында 5 млн 179,5 миң долларды же балыктын жалпы экспортунун 92,5% ын түздү.

"Кыргызстанда балык тармагы акыркы жылдары активдүү өнүгүүдө. Бул ассоциациянын жасап жаткан зор иштерине байланыштуу. Мунун аркасында биз бүгүн ушундай жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Балык бизнесинин өзүнүн тобокелчиликтери жана кыйынчылыктары бар, бирок нормаларды жана талаптарды сактоо менен баарын туура жасасаңыз, анда кайтарым абдан жакшы болот. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул жылы балык өндүрүү болжол менен 5-6 миң тоннаны түзөт", - деди экономист Искендер Шаршеев "Акчабарга" комментарий берип жатып.

Кошумчалай кетсек, кыргыз ишкерлери лосось жана осетр балыгынын экспортун жөнгө салышкан, ал 1 миллион 20,4 миң доллар киреше алып келген. Экономисттин айтымында, өлкө экспорттогон осетр балыгы жергиликтүү өндүрүштөрдөн. Балыктын бул түрүн өстүрүүгө адистешкен балык чарбалары учурда ички жана тышкы рынокко кара икра жеткирүүгө даярданышууда. Ал эми лосось боюнча Шаршеев - бул балык Кыргызстанда керектүү табигый шарттардын жоктугунан өстүрүлбөйт деди. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандан балыкты жана балык азыктарын негизги керектөөчүлөр Орусия жана Казакстан болуп саналат. Физикалык көлөмдө алты айдын ичинде Кыргызстан бул өлкөлөргө 1,3 миң тонна балык жана балык продукциясын экспорттоду, бул 2020-жылдын январь-июнуна караганда 2,5 эсе көп.

 

 

 

Тэги: форель рыба экспорт Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу