Январь-августта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен 2 миллиард доллар соода жүргүздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,8%га көбөйдү. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук статистикалык комитети тарабынан берилди.
Мында Орусия менен соода жалпы көлөмдүн 65,4% ын, ал эми Казакстан 32,2% ды түздү.
"Синтетикалык кездемелерди, кара металлдардын сыныктарын, балыкты, нан жана ун азыктарын жеткирүүнүн эсебинен экспорт 29,9% га өстү. Ошол эле учурда кагаз жана картон, руда, баалуу металлдардын концентраттары, мөмө-жемиштер жана жаңгактарды, ошондой эле сүт жана сүт азыктарын экспорттоо азайган", - деди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов.
Ал кошумчалагандай, айрым импорттук товарлардын өсүшү менен катар ЕАЭБден Кыргыз Республикасына буудай уну, буурчак өсүмдүктөрү жана буудайдын келүүсү азайган.