Кыргызстан инвесторлор сотко кайрылган алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирди

30.03.2023, 14:16 Акчабар
Кыргызстан инвесторлор сотко кайрылган алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан инвестор мамлекеттик талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жобосун колдонгон дооматтарда жоопкер болгон алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Инвестициялык сот системасынын (ISDS) 2019-жылдагы маалыматтарына таянуу менен "Инвесторлорду коргоо жана эл аралык инвестициялык макулдашуулар" аттуу акыркы изилдөөсүндө билдирди.

Изилдөө боюнча жалпысынан 120 мамлекет инвесторлор менен болгон талаш-тартыштарда жоопкер болгон. Кыргызстандын эсебинде 16 соттук процесс болуп, алар экономиканын төмөнкү тармактарына таасирин тийгизген:

  • банк иши (4);
  • энергетика (4);
  • туризм (3);
  • тоо-кен казып алуу (2);
  • кыймылсыз мүлк (1);
  • байланыш (1);
  • курулуш (1).

Алты доо боюнча сот инвестордун пайдасына чечим чыгарган, бир дагы доо Кыргыз Республикасынын пайдасына чечилген эмес (2019-жыл үчүн), токтотулган - 2, канааттандырылган - 3, аягына чыга элек - 5 иш бар.

"Бул иштердин 56%ында (16 иштин 9у) доо арызда көрсөтүлгөн негизги мыйзам бузуу кыйыр экспроприация (мүлктү мажбурлап тартып алуу) болгон, бул Кыргызстандын пайдасына чечилбеген ISDS 6 доосунун 5инде тастыкталган, " деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, кеминде 3 соттук териштирүүдө өзүм билемдик, негизсиз же басмырлоочу чаралар көрсөтүлгөн. Бир гана учурда бул мыйзам бузуу моюнга алынган.

“Бул иштердин 62%ында (16дан 10у) инвесторлор беш өлкөдөн болгон: Казакстан (4), Улуу Британия (2), Россия (2), Канада (2), АКШ (2),” деп айтылат изилдөөдө.

Тэги: экономика IFC инвесторы новости Кыргызстана ISDS

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу