Кыргызстан ЕАЭБде жүк ташуунун өсүшү боюнча экинчи орунга чыкты

24.01.2022, 16:14 Акчабар
Кыргызстан ЕАЭБде жүк ташуунун өсүшү боюнча экинчи орунга чыкты

2021-жылдын январь-ноябрь айларына карата Кыргызстанда жүк ташуунун жалпы көлөмү 25,4 млн тоннаны түздү. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу трафиктин өсүшү 15,98% түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Белгилей кетсек, жүк ташуу көлөмүнүн өсүшү боюнча Кыргызстан Армениядан кийинки экинчи орунду ээлеген, анда жүк ташуу 16,29%га өскөн. Ошондой эле өсүш Россияда (+1,47%) жана Казакстанда (+0,05%) катталган. Ал эми Беларуста 3,3%га төмөндөгөндүгү катталган.

Аны менен бирге эле бул мезгил ичинде жалпы 11 млрд 279,4 млн тонна жүк ташылган, анын ичинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги жүк ташуудагы үлүшү 0,2%дан бир аз көбүрөөк. Бирок республика бул көрсөткүч боюнча Арменияны айланып өтүүгө жетишти, анда ташылган жүктүн көлөмү болгону 15,7 млн тонна жүктү түзгөн.

Кошумчалай кетсек, Россия менен Казакстан жүк ташуу боюнча ЕАЭБдин лидерлери бойдон калды. Аларга тиешелүүлүгүнө жараша 7 млрд 305,5 млн тонна жана 3 млрд 578,4 млн тонна ташылган жүк туура келген.

Тэги: грузоперевозки Кыргызстан экономика ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу