КР соода-өнөр - жай палатасы JIA бизнес-ассоциация менен биргеликте Украинанын Винница шаарына 2-5 - февраль күндөрү бизнес форум өткөрөт. Бул тууралуу соода-өнөр - жай палатасы билдирди.
Форумдун катышуучуларына Кыргызстандын кэономикалык потенциалы жана перспективдүү долбоорлор тууралуу айтылат.
«Уюштуруучулар бизнес-форум кыргыз-украин мамилесине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Форумдун катышуучулары Киев шаарында өтө туруучу эл аралык Kyiv Fashion көргөзмөсүнө катыша алышат. Көргөзмөдө Украинанын ишкерлери менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болот», — деп жазылат маалыматта.