Кыргызстан Пакистандан 426,3 млн сомго товар импорттоду

20.05.2024, 16:40 Акчабар
Кыргызстан Пакистандан 426,3 млн сомго товар импорттоду

2024-жылдын январь-март айында Пакистан Кыргызстанга жалпы 426,3 млн сомго товар экспорттогон. Ал эми Кыргызстан аталган өлкөгө 44,1 млн сомго товар жеткирген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат. 

Маалыматка ылайык, Пакистандан Кыргызстанга эң көп 167 млн 851 миң 400 сомго цитрус жемиштерин жана жаңгак өнүмдөрүн, 122,7 млн сомго фармацевтикалык дары-дармектерди жана 37,9 млн сомго оюнчук, спорттук буюмдары алынып келинген. 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан Пакистандан 21,9 млн сомго күрүч импорттогон. Мындан тышкары, өлкөгө 8,2 млн сомго мотоцикл, мопед жана велосипеддер алынып келинген. 

Кыргызстан менен Пакистандын экспорттук-товардык түзүмүндө Пакистан үстөмдүк кылат. Антсе да, Кыргызстан Пакистанга ар кандай товарларды жеткирген. Алсак, Кыргызстандан аталган өлкөгө мунай жана мунай продуктылары - 17,4 млн сомго, жашылчалар, жегенге жарамдуу айрым тамырлар - 17 млн сомго жана иштетилбеген чийки тери - 4,6 млн сомго экспорттолгон.

Буга чейин “Акчабар” Кыргызстан быйыл үч айда Пакистанга 4,6 млн сомго малдын терисин экспорттогонун жазган. 

 

Тэги: мандарин Пакистан күрүч соода жүгүртүү импорт-экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу