Кыргызстан Париж Олимпиадасына катышууга 100 млн сом бөлөт

17.10.2023, 09:26 Акчабар
Кыргызстан Париж Олимпиадасына катышууга 100 млн сом бөлөт

Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат комитети “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Депутат Шайлообек Атазов спорт тармагына бюджетти бекитүүдө 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарын эске алуу керектигин кошумчалады.

Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлүнгөнүн айтты.

Эскерте кетсек, Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына спортчулар Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековдор жолдомо алышкан.

 

Тэги: Париж Олимпиадасы спорт күрөш Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу