Кыргызстан Түндүк Корея менен соода жүгүртүүнү дээрлик үч эсе көбөйттү

22.01.2024, 15:04 Акчабар
Кыргызстан Түндүк Корея менен соода жүгүртүүнү дээрлик үч эсе көбөйттү

Расмий статистика боюнча Кыргызстан Түндүк Корея менен соода жүгүртүүнү көбөйттү. Алсак, өткөн жылы мамлекеттердин өз ара соодасы 20,7 миң долларды түзсө, быйыл 61,2 миң доллар болуп, дээрлик үч эсеге өстү.

Белгилеп кетсек, өткөн жылы товар жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү – 15 миң доллар экспорттолсо, быйыл аталган өлкөгө экспорт таптакыр болгон жок.

Түндүк Кореядан импорттоодо абал дээрлик тескерисинче, эгерде былтыр Кыргызстан ал жактан болгону 5,7 миң долларга товар сатып алса, 2023-жылы бул көрсөткүч 61,2 миң долларды түзгөн.

Кыргызстан Түндүк Кореядан негизинен автоунаалар жана башка моторлуу унааларды (50 миң доллар) сатып алган. Ошондой эле 3,8 миң долларлык жүк ташуу үчүн автотранспорттор да импорттолгон. Кыргыз Республикасы мындан тышкары Түндүк Кореядан 6,6 миң долларга вулкандык резинадан жасалган буюмдарды сатып алды.

Тэги: новости экономика Кыргызстана экспорт импорт Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу