Кыргызстан 250 млн сом ички карызын төлөдү

16.02.2023, 09:49 Акчабар
Кыргызстан 250 млн сом ички карызын төлөдү

Кечээ, 15-февралда Кыргызстан 250 миллион сом ички карызын төлөдү. Мындай маалыматтар мамлекеттик казына облигациялары жайгаштырылган күнүмдүк статистикада берилген. 

Тактап айтканда, өлкө 2021-жылдын 12-февралында Каржы министрлиги тарабынан жайгаштырылган 2 жылдык казына милдеттенмелери аркылуу 250 миллион сом төлөдү. Акча жылына 7,49%, купондук чен 5% менен тартылган.

Белгилей кетсек, алгач Каржы министрлиги 200 миллион сомго 2 жылдык облигацияларды жайгаштырууну пландап, бирок суроо-талап сунуштан ашып кеткен. Мекеме аны жарым-жартылай канааттандырууну чечти.

Кошумчалай кетсек, 15-февралга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана улуттук валютадагы ички карызы 90 миллиард 640,2 миллион сомду түзөт.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика внутренний долг деньги гособлигации векселя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу