Кыргызстан беш жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 570 миллион сомдук милдеттенмени кайтарды. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикасында белгилүү болду.
Бул сумма 2017-жылы баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу тартылган. Андан кийин 8-сентябрдагы аукцион аркылуу 370 миллион сом, 11-сентябрдагы кошумча жайгаштыруу алкагында дагы 200 миллион сом түшкөн. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү жылдык 14,99%ды түздү.
Республиканын беш жылдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери учурда 15 миллиард 455 миллион 328,3 миң сомго бааланганын кошумчалайбыз.