Акылбек Жапаров БАЭ менен бир катар макулдашууга кол койду

15.12.2022, 09:54 Акчабар
Акылбек Жапаров БАЭ менен бир катар макулдашууга кол койду

Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында негизги эки документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Биринчи макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги “AD Ports Group” менен документке кол койду. Ага ылайык эмират компаниясы KEZAD - (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi) эркин экономикалык зонасында 300 миң чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген. Ал экономикалык зона болгон Абу-Даби  шаарындагы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн Халифа Портуна жакын жайгашкан. 

Экинчи макулдашууга ылайык, “Maqta Gateway” Кыргызстандын Каржы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинети “AD Ports Group” менен “Манас” аэропортун жана башка аймактык аэропортторду реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн билдирген. 

 

Тэги: море выход к морю ОАЭ кабмин КР новости Кыргызстана реконструкция манас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу