Кыргызстан калдык сактоочу жайларды рекультивациялоого 2,2 млрд рубль алат

29.03.2023, 14:23 Акчабар
Кыргызстан калдык сактоочу жайларды рекультивациялоого 2,2 млрд рубль алат

“Росатом” корпорациясы Кыргызстанга беш калдык сактоочу жайды рекультивациялоо үчүн 2,2 миллиард рубль бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, "Уран казып алуудан жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" деген мамлекеттер аралык программа бар. Биринчи этапта Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы жана Нарын облусунун Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери аяктап жатат. Эми Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен "Росатом" компаниясы 2023-жылдын 31-декабрына чейин экинчи этапты бүтүрүп, Кыргыз Республикасындагы мурдагы тоо-кен объектилерин коопсуз радиациялык жана экологиялык абалга келтирүү боюнча кызматташууну улантууну пландаштырууда.

"Бул багытта мындан ары да иштерди жүргүзүү пландалууда. Эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо пландалууда", - деди Азамат Мамбетов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 92 уулуу жана радиоактивдүү заттар көмүлгөн жай бар. Анын ичинен 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Ошол эле учурда 23 калдык сактоочу жайда уран элементтери, калгандарында бир катар радиоактивдүү тектердин, оор металлдардын жана цианиддердин калдыктары бар. Уулуу жана коркунучтуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 млн куб метрди түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана экономика Кыргызстана экономика хвостохранилища росатом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу