Кыргызстан сугат тармагын өнүктүрүүгө 59.5 млн $ насыя алат

23.12.2019, 12:00 Акчабар
Кыргызстан сугат тармагын өнүктүрүүгө 59.5 млн $ насыя алат

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча кредиттик келишимди жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет. 

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат суу тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбооруна жалпысынан 59,5 млн доллар бөлүнөт, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл. Анын ичинде, Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты – 20 млн доллар. Жеңилдетилген насыя 25 жылдык мөөнткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабында Сауд фонду 30 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал эми Кыргызстан долбоорго 8,9 млн доллар кошууга тийиш.

Долбоордун биринчи этабында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы сугат объектилери курулат. Андан тышкары, Үч-Коргон, Шамшы, Түгөл-Сай сууларында 4 суу сактагыч курулууга тийиш.

 

 

Тэги: ИБР СФР кредит земледелие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу