Ушул жылдын башынан сентябрды кошкондо Кыргызстанда айлык акы доллар менен алганда 10,3%га, улуттук валютада 11,47%га өскөн. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Ошентип, АКШ долларында эмгек акынын өсүүсү боюнча Кыргызстан ЕАЭБдин үч лидеринин катарына кирди, номиналдык айлык акы 15,4%га, Армениядан 11,92%га өскөн Беларустан кийинки ардактуу үчүнчү орунду ээледи.
Ал эми аутсайдерлер Казакстан менен Орусия болду, алар январдан сентябрга чейин тиешелүүлүгүнө жараша 6,06% жана 6,59% өсүштү.
Ошону менен бирге, Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 19-ноябрга карата инфляция жылдык мааниде 12,1%ды түздү, 2021-жылдын башынан бери баалар 9,5%га жогорулады, муну менен эмгек акынын өсүшү дээрлик толугу менен тегизделди.