Кыргызстан Ооганстанга бензин экспорттогону боюнча маалымат канчалык чын?

16.12.2021, 16:06 Акчабар
Кыргызстан Ооганстанга бензин экспорттогону боюнча маалымат канчалык чын?

Ооган маалымат каражаттары бир күн мурун "Кыргызстандан күйүүчү майдын импорту 10 жылдан бери биринчи жолу Шерхан аркылуу түндүктөгү Кундуз провинциясына кирди" деген сүйүнчү менен бөлүштү. Бул маалымат Кыргызстанда кызуу талкууну жаратты, анткени республика расмий түрдө күйүүчү-майлоочу майларды экспортко чыгарбайт.

Чындыгында Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май боюнча импортко көз каранды өлкө. Тактап айтканда, күйүүчү май менен камсыз кылууда республика Орусиядан көз каранды. Бензиндин 95%ы ал жактан келет. 

Жакында эле көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан пошлинасыз күйүүчү-майлоочу майлардын көлөмүн көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишти. Бир жылдан бери нефтетрейдерлер бөлүнгөн көлөм жетишсиз экенин далилдөөгө аракет кылышты. Жыйынтыгында Россия Федерациясы 2022-жылга карата алымсыз күйүүчү майды, бензинди 41,3%га, дизелди 13,4%га көбөйтүүгө макул болду.

 

Жеңилдетилген камсыздоонун маанилүү шарты – бардык күйүүчү-майлоочу майлар өлкөнүн ичинде керектелиши керек. Ата мекендик өндүрүш дээрлик жок, 11 мунайды кайра иштетүүчү заводдун ичинен бирөө гана иштеп жатат. Ал күйүүчү-майлоочу майдын 5-7%ын өндүргөн "Кыргыз Петролеум Компани". Күйүүчү майдын бардык көлөмү ички рынокто сатылат (күйүүчү-майлоочу майларды экспорттоого тыюу салынганга чейин компания аны Өзбекстан менен Тажикстанга сатчу).

Бул боюнча УКМК төмөнкүдөй маалымат таркатты. 

"Кыргыз Республикасынан Афганистан Ислам Республикасына мунайдын импорту тууралуу маалымат агенттиктери тарабынан жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. 16-декабрда республиканын Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду”.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, өлкөдөн мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Тэги: ГСМ импорт экспорт Кыргызстан Афганистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу