Бүгүн, 29-августта Индиянын Мумбаи шаарында «Technotex- 2019» текстиль өнөр жайы боюнча көрсөтмө-конференциясы ишин баштады.
Индиядагы КР элчилигинин колдоосу менен тигүүчү ишканалардын жана «Инесс» мода-үйүнүн өкүлдөрү катышууда.
Кыргызстандык «Адеми Фэшн Трендс», Cool Bros, «Бархат», ACTIS, «Аруу Мода» жана «Инесс» компанияларынын жетекчилери расмий ачылышына катышып, келечектеги өнөктөтүк базасын түзүүгө даяр.
Жалпысы менен жарманкеге 21 мамлекеттин өкүлү катышууда.