Кыргызстандын өсүмдүк майына болгон жылдык керектөөсү 62 миң тоннадан 70 миң тоннага чейин жетет. Бул тууралуу “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөлдүк (0) пайыздык ставка боюнча кошумча нарк салыгы алынуучу товарлар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негиздеме маалымкатында айтылат.
Ошол эле учурда, белгиленгендей, республиканын аймагында өсүмдүк майын өндүрүү 2021-жылы 5,4 миң тоннаны, ал эми 2022-жылы 6 миң тоннаны түздү, айдоо аянты 17,8 миң га.
"Бул жалпы калктын жылдык керектөөнүн 8,3%ын гана жабат. 2022-жылы өсүмдүк майынын импорту 34,5 миң тоннаны түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди. Бул көлөм Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын аймактарынан алынып келинет", — деп айтылат документте.
Өсүмдүк майын өндүрүү үчүн республикага 110-120 миң тонна күн карама жана/же 260-270 миң тонна пахта көлөмүндө сырьё керек экени такталган.
Республиканын аймагында өсүмдүк майын (пахта, сафлор, күн карама уруктары) кайра иштетүүчү 8 ишкана бар. Ал эми бул ишканалар кайра иштетүү үчүн сырье болгон шартта даяр продукциянын жетиштүү көлөмүн чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане