Кыргызстан ЕРӨБ менен кредиттик жана гранттык келишимдерди ратификациялады

17.11.2021, 10:05 Акчабар
Кыргызстан ЕРӨБ менен кредиттик жана гранттык келишимдерди ратификациялады

Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.  

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.

Долбоордун максаты Ноокат шаарында, ошондой эле жакын жайгашкан 4 — Фрунзе, Чапаев, Нойгут жана Арал айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоодо жана модернизациялоодо жардам көрсөтүү болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.

Эске салсак, "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашуу 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган.

Тэги: ЕБРР Ноокат водоснабжение Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу