Кыргызстан Тажикстандын учактарына аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Тажикстандык авиакомпания 8-февралдан 21-мартка чейин Душанбе–Үрүмчү–Душанбе, ошондой эле Душанбе–Новосибирск–Душанбе багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын үстүнөн учуп өтүүнү суранган.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы былтыркы куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандын жарандарынын аймакка киришине, транзит аркылуу өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.