Кыргызстан транспорттук логистиканы өнүктүрүүдө

02.01.2023, 10:00 Акчабар
Кыргызстан транспорттук логистиканы өнүктүрүүдө

Өлкөдө транспорттук-логистикалык инфраструктураны кеңейтүүнүн алкагында альтернативдүү каттамдар иштелип чыкты. Жакынкы арада активдүү сүйлөшүүлөр болмокчу. Тактап айтканда, бул каттамдар Өзбекстан-Түркмөнстан-Россия, Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан, Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран багыттары боюнча. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан дагы “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридоруна кошулушу мүмкүн. 

Кыргызстан үчүн “Түндүк-Түштүк” альянсын өнүктүрүү деңизге чыгууну камсыздай алат. Өлкө Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин аймагы аркылуу Бандар-Аббас-Ош темир жол коридорун ишке киргизүүгө кызыктар. Иран тарап да бул билдирүүнү ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун толугу менен колдойт жана Иран темир жолдору аркылуу Кыргызстан үчүн мүмкүн болгон эң төмөнкү тарифтерди берүү маселесин талкуулоого даяр.

 

Тэги: логистика новости Кыргызстана север юг ЕАБР.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу