Кыргызстандын республикалык бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү

15.06.2020, 14:20 Акчабар
Кыргызстандын республикалык бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз. Бул мезгилдеги чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд 867 млн сомго көбөйгөн. 5 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү», - деп билдирди КР финансы министринин орун басары Марлен Амандыков.
 

 

Анын айтымында, бюджеттик каражаттардын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү – бюджеттик каражаттар 5,5 млрд сом жана атайын каражаттар 4 млрд 200 млн сом.

«Бюджеттин дефицитин каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 4 млрд 700 млн сом – бул ички каражаттар жана 18 млрд 382 млн сом – тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом – бул Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя», - деп белгиледи ал.

Тэги: Кыргызстан республикалык бюджет дефицит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу