Бишкекте Сауд Арабиянын туристтик агенттиктери менен B2B жолугушуу өтөт

29.09.2023, 15:00 Акчабар
Бишкекте Сауд Арабиянын туристтик агенттиктери  менен B2B жолугушуу өтөт

Бишкекте Сауд Арабиянын туристтик агенттиктери менен кыргызстандык ишкерлердин бизнес жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жыл сайын бул өлкөдөн Кыргызстанга миңдеген туристтер келишет, алар 5 күндүк саякатка орто эсеп менен 1,5 миң - 2 миң доллар коротушат. 

Фонд кызыктар тараптарды Сауд Арабия Королдугундагы 32 туристтик агенттиктин өкүлдөрү менен B2B жолугушуусуна катышууга чакырат. Катышуу акысыз. 

Иш-чара 2023-жылдын 18-октябрында, саат 10:00дө (жолугушуу 2023-жылдын 17-октябрына белгиленген күндөн 2023-жылдын 18-октябрына жылдырылган, катышуучулардын көптүгүнөн улам) Novotel мейманканасында өтөт. 
 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу