Кыргызстан менен Швейцария 19,1 млн $ соода жүгүрткөн

19.12.2019, 11:34 Акчабар
Кыргызстан менен Швейцария 19,1 млн $ соода жүгүрткөн

2018-жылы Кыргызстан менен Швейцариянын соода жүгүртүүсү 19,1 млн $ түзгөн. Бул тууралуу 2019-жылдын 11-декабрында КР Швецариядагы, Италия Республикасындагы жана Лихтенштейн Княздыгындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев ЖК эл аралык иштер жана коргонууу комитетинде билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө. 2017-жылы көлөм 5,5 млн $, 2016-жылы – 3,5 млн $ түзгөн.

Мукашевдин берген маалыматы боюнча, 2018-2019 жылдары Женева жана Берн шаарларында экономика жана инвестиция тармагындагы 6 ири иш-чара өткөн. Жыйынтыгында, 4 макулдашууга кол коюлган.

Эске сала кетсек, жакында эле ЖК комитети КР ООН астындагы Швецариядагы, Италия Республикасындагы жана Лихтенштейн Княздыгындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана башка эл аралык уюмдардын 2018-2019-жылдардагы отчету караган. 

 

 

Тэги: Кыргызстан Швецария соода жүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу