Кыргызстандын Кытайга болгон карызы азайды

14.11.2022, 10:04 Акчабар
Кыргызстандын Кытайга болгон карызы азайды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы ушул жылдын сентябрынын соңунда 5 миллиард 217 миллион 880 миң долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Ага ылайык, карыз август айына салыштырмалуу 1 миллион 740 миң долларга азайган. Муну менен тышкы карыз 17 миллион 200 миң долларга кыскарды. Ошол эле учурда, Кыргызстандын ички карызы 15 миллион 450 миң долларга көбөйдү.   

Тышкы карыздын азайышы эки тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелердин 35 миллион 260 миң долларга кыскарышы менен байланыштуу. Тактап айтканда, Кытайга 25 миллион 980 миң доллар жана Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине 7 миллион 260 миң доллар карыздын бир бөлүгү төлөнүп берилген.

Ошол эле учурда. Эл аралык валюта фондуна болгон карыздын 31 миллион 970 миң долларга көбөйүшүнө байланыштуу көп тараптуу жеңилдетилген насыялар боюнча карыз 18 миллион 520 миң долларга өскөн. 

Өлкөнүн ички карызы Кыргызстандын 2 жылдан 20 жылга чейинки мамлекеттик казына облигациялары боюнча милдеттенмелеринин (+14 млн 740 миң доллар) көбөйүшүнөн улам өстү. Сентябрдын аягында 1 миллиард доллардан ашты.

Тэги: новости Кыргызстана госдолг экономика бюджет Китай МВФ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу