Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга Кыргызстандан чогулган каржылык жардамдын жалпы суммасы 992 миң 869 долларды жана 1 миң 418 еврону түздү, деп билдирди Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган маалымат жыйынында.
Анын айтымында, 24-февралда бул каражат Түркияга которулган.
"Элчилик ачкан банк эсебине 30 коомдук уюм, 39 ишкана, 14 айылдын жана шаардын тургундары, 8 билим берүү мекемеси, ошондой эле мамлекеттик органдар, депутаттар жана Кыргызстандын көптөгөн жарандары тарабынан каражат которулду", - деди элчи.
Мындан тышкары Кыргызстандан Түркияга эң зарыл болгон 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди.
Ахмет Садык Доган Түркия үчүн КР өкмөтүнүн жана кыргыз элинин колдоосу маанилүү экенин белгиледи.