Кыргызстан жылуу кийимдерди экспорттоону 2,3 эсеге кыскартты. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Алсак, былтыр жарым айда Кыргызстандан 3 миллиондон ашык пуловер жана свитер жөнөтүлгөн болсо, быйыл экспорттун көлөмү 987,2 миң жемпирди түздү.
Нарк жагынан алганда көлөм 80%га азайган, башкача айтканда 3 млн 279 миң долларлык продукция экспорттолгон.
Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынан жылуу кийимдерди негизги импорттоочулар Россия жана Казакстан болуп саналат.