Кыргызстан суутек энергиясын өндүрүүдө өзүнүн ордун таба алат

23.02.2022, 13:48 Акчабар
Кыргызстан суутек энергиясын өндүрүүдө өзүнүн ордун таба алат

Суутекти энергоресурс катары колдонууга негизделген суутек энергетикасынын жылдан-жылга актуалдуулугунун артышы, биринчи кезекте заманбап глобалдык энергетикадагы экологияга жана климатка байланышкан көйгөйлөрдүн арбып жатышынан, органикалык отундун далилденген, казылып алынуучу запасынын түгөнүп жатышынан жана жылуулук энергетикасынын натыйжалуулугунун төмөндүгүнөн десек болот.    

Ал эми суутек энергетикасы деген түшүнүктүн өзү болсо, айлана-чөйрөнүн булганышына жана энергетикалык кризис көйгөйүнө жооп катары келип чыккан эле. Божомолдоолорго ылайык (Hydrogen Council, 2017-жыл), 2050-жылдары суутек дүйнөлүк энерго керектөөнүн болжол менен 18 пайызын түзүп, ошол мезгилдерде суутекти керектөөнүн көлөмү жылына 370 млн тоннага чейин жетип, 2100-жылы 800 млн тоннага чейин көбөйт.   

Суутек энергетикасы – энергетиканын суутекти энергияны аккумуляциялоо, ташуу, өндүрүү жана пайдаланууга арналган каражаты катары колдонууга негизделген тармагы. Суутек жер бетинде жана космосто кеңири тараган элемент катары тандалып алынган. Анын күйүү жылуулугу өтө жогору, ал эми кычкылтектеги күйүүчү продукт суу (суутек энергетикасынын кайталанма жүгүртүмүнө катышат) болуп саналат. Энергетиканын жогоруда аталган түрү альтернативалык энергоресурстардын катарына кирет.

Мунун эсебинен 2050-жылы СО2нин эмиссиясы 60 пайызга чейин азайып, ал эми суутекке болгон суроо-талап 10 эсе өсүшү мүмкүн.

Дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн таасирин аныктоочу “Чоң жыйырмалыкка” (G-20) кирген өлкөлөр глобалдык энергетиканы өнүктүрүүнүн заманбап тренддерин сунушташууда. Электр энергиясын генерациялоодо жашыл энергетикага басым жасоону кыска убакытта ишке ашыруу үчүн G20 өлкөлөрүндө жаңылануучу, экологиялык жактан таза энергияны жана анын башка дагы түрлөрүн бирдей колдонуу, адамзаттын туруктуу түрдө өсүп келе жаткан талаптарын канааттандыруунун оптималдуу ыкмасы катары, суутек энергетикасын орточо ылдамдыктагы перспектива менен өнөр жайда пайдалануу иши каралууда.

Алардын катарында АКШ, Евро биримдикке кирген - Улуу Британия, Жапония, Түштүк Корея жана Австралия өлкөлөрү буга чейин эле суутек энергетикасын киргизүү жана өнүктүрүү программасы менен улуттук стратегиясын иштеп чыгышкан. Мисалы, азыркы учурда Америкадагы суутек энергетикасы боюнча долбоорлорго бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын көлөмү беш жылдык убакытка 1,7 млрд долларды түзөт. Евро биримдиктики 2 млрд евро, ал эми Жапонияныкы 20 жылга карата 4 млрд долларды түзөт.

Суутек энергетикасынын потенциалы өтө чоң. Bloomberg өзүнүн “Суутек экономикасынын келечеги” аттуу докладында 2050-жылдары энергияга болгон дүйнөлүк талаптын төрттөн бир бөлүгүн суутек түзүп, ал эми анын баасы учурдагы газдын баасы менен барабар болот деген божомолун билдирди. Кийинки 30 жыл аралыгындагы өнүгүүнүн жакшы өңүттөгү сценарийинде аталган тармак 11 трлн долларга жакын инвестиция тартып, суутек отунунун бүткүл дүйнө боюнча сатылышы жылына 700 млрд долларга чейин жетип турат.

Дүйнөлүк практикада суутектин технологиялык процесстердеги экологияга тийгизген таасирин билүү үчүн өңү боюнча шарттуу классификацияга бөлүштүрүү деген түшүнүк бар. Көмүр кычкыл газынын көп өлчөмү “боз” суутекти өңдүрүүдө бөлүнүп чыгат – бул аны көмүрдөн же метандан алуу процессинде жүрөт. Суутекти CCS (carbon capture storage) көмүр кычкыл газын кармоо жана сактоо технологиясы менен жаратылыш газынан алуу ыкмасын колдонгондо же көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруусуз алууда “көгүлтүр” суутек пайда болот. Жаңылануучу энергия булактарынын (ЖЭБ) негизинде суунун электролизи менен алынган суутек “жашыл” түскө айланат. Бул процесс көмүр кычкыл газынын сыртка чыгарылбагандыктан экологияга зыянын тийгизбейт.

Ошондой эле  “жашыл” суутек тазасы гана эмес, эң кымбаты да болуп саналат. Анын курамындагы наркты эсептей келгенде сууну электролиз үчүн тазалоо көбүрөөк чыгымдарды талап кылаары түшүнүктүү болот. Орточо эсеп менен алганда, 1 тонна суутекти өндүрүү үчүн 9 тонна тазаланган суу керектелет. Ал эми 1 тонна таза сууну алуу үчүн эки эсе көп тазаланбаган суу талап кылынат. Демек, бул чыгымдар менен эсептегенде 1 тонна суутекти алуу үчүн 20 тонна суу сарпталат дегенди билдирет.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин баалоосу боюнча, жаратылыш газынан суутек өндүрүүнүн өздүк наркы 1 килограммына 1,5-3,5 доллар болот. ЖЭБдин жардамы менен өндүрүлгөнү биринчиден да жогору – килограммына 2 же 6 доллар болот.

“Жашыл” суутекти өңдүрүүдө гидро энергетикалык потенциалы жогору болгон аймакты тандап алуу менен чыгашаларды кыскартса болот. Мындай мүмкүнчүлүккө мисалы Кыргызстан ээ. Өлкөдө гидро элекр энергиясы өтө кымбат эмес, баа коридорунда кВт саатына 2-2,3 центти түзгөн ГЭСтердин жанына өндүрүш кубаттуулуктарын орнотууга болот. Ал эми Сырдарья менен Амударьянын орточо жылдык табигый агымы 95 миң чарчы километрди түзөт.

Бул факторлор суутек энергетикасын өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүп берет десе болот. Борбор Азия өлкөлөрү казылып алынуучу отундун кеңири запасына жана суутек энергетикасын өнүктүрүүдө ыңгайлуу жаратылыш-климаттык шарттарга ээ. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын “көгүш”, “боз”, “жашыл”, “көгүлтүр” жана “күрөң” түстөгү суутектин түрлөрүн алууга потенциалы өтө жогору. Түркмөнстан менен Өзбекстан “көгүлтүр” суутекти жаратылыш газынан алуу боюнча чоң мүмкүнчүлүккө эгедер. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын суутектин “жашыл” түрүн өндүрүүгө потенциалы жетиштүү.

 “Жогоруда аталган өлкөлөрдүн артыкчылыктары арзан гидроэнергияга жана тоо дарыяларына байланышкан суу ресурстары менен шартталат. Башкача айтканда, алар атаандашууга жөндөмүү баада суутектин “жашыл” түрүн өндүрүүдө керектүү делген шарттардын баарына ээ”, - дешет Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттери.

Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтери суунун мол учурунда электр энергиясынын калдыктарынан электролиздин жардамы менен суутекти алса болот. Алынган суутекти андан ары да сактоого мүмкүнчүлү бар жана бул анын дагы бир маанилүү артыкчылыгы десек болот. Маселе өндүрүш тармактарындагы энергияны сактоо булактарынын көпчүлүгү сактоо мөөнөтүнүн кыскалыгынан улам сутка ичиндеги керектөөлөрдү гана жаап жаткандыгында болууда. Мисал үчүн, литий-иондук аккумуляторлор 4 саатка чейин, ал эми гидроаккумуляторлор 12 саатка жакын гана иштей алат.

Аным менен бирге эле Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы жана Тажикстандагы күзгү-кышкы мезгилдеги электр энергиясынын дефицитин, жазгы-жайкы мезгилдеги профицитин жөнгө салуу үчүн электр энергиясын сактоо системасы (ЭСС) энергияны бир жылдан кем эмес убакытка сактай алышы кажет.

Суутек криогендик жана суюк абалда сакталат. Андан сырткары, газ түрүндө узак убакытка, айрым байкоолорго карай турган болсок, 10 жылга чейин сакталат. Бул башка ЭСС түрлөрүнө салыштырмалуу маанилүү артыкчылык.

Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча ар жылы 75 млн тонна суутек өндүрүлөт. Ошондой эле электр орнотмолорунун жардамы менен 0,1 млн тонна же 0,1 пайыздан азыраак суутек алынат. Жаңылануучу энергетиканы өнүктүрүү ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, суутектин өндүрүлүшүнүн 95 пайызында метан менен көмүрдүн буу конверсиясы технологиясы, андагы негизги кошумча продукт катары көмүр кычкыл газы колдонулуп жатканда аталган газдын жигин жоготуу мүмкүн эмес деп айтылат.

Суутекти өндүрүү технологиясын аны сактоо системасындагы көйгөйлөр артка тартууда. Бул анын натыйжалуулугунун төмөндүгүндө жана технологиялык жактан эмгекти көп талап кылгандыгында деп айтылат. Алдыда кеңири жайылтууга негизделген, “жашыл” суутекти массалык түрдө жана өнөр жайда көп өндүрүүгө карата түрткүлөр узагыраак сактоого байланышкан маселенин түйүнүн чечип бериши мүмкүн.

EnergyNet изилдөө борборунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 2025-жылдан ары карай суутектин суюлтулган түрүн сактоо баасы эки эсе төмөндөшү күтүлөт (1 кг суутек 2 доллардан 0,9 долларга чейин). 2025-жылы сактоо баасы  килограммына 0,1 доллар болгон аммиак түрүндөгү суутек дээрлик үнөмдүү болору айтылат.

Жогорудагы фактор Борбор Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстанды электролиз процессинин негизинде “жашыл” суутекти өндүрүүдө жайгаштыруу аянтчасынын сапаты боюнча талап күчтүү өлкөлөргө айландырышы мүмкүн. Ал таза суунун жана электр энергиясынын чоң көлөмүнө муктаж. Борбор Азиянын, өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстандын жаратылыш-ресурстук потенциалын эске алганда, өлкөлөрдүн суу-энергетикалык комплекстеринин чакырыктарын чечүүдө электролиз процесси келечектүү чечим боло алат.

Материал Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын “Евразиянын туруктуу келечегиндеги таза технологиялар” деген баяндамасынын негизинде жазылды.

Тэги: суутек энергетика ЕРӨБ  СО2нин эмиссиясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу