Былтыр, 2021-жылы Кыргызстанда билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык коргоого жумшалган каражаттар жалпы мамлекеттик чыгымдардын 47,8%ын гана түзгөн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Ошол эле учурда, саламаттыкты сактоого 9,8%, социалдык камсыздоого 17,3%, билим берүүгө 20,7% гана жумшалат. Арменияда да ушундай эле көрүнүш (базалык кызматтар үчүн 47%), бирок 30%дан ашыгы социалдык коргоого жумшалат.
Өз кезегинде Казакстан менен Орусия негизги кызматтарга 50% жана 55% сарптайт. Казакстанда да акчанын негизги бөлүгү (20,2%) социалдык коргоого, 18,4%ы билим берүүгө, 11,4%ы саламаттыкты сактоого коротулат.
Өз кезегинде Орусияда 34% социалдык коргоого, 11% саламаттыкты сактоого жана 10% билим берүүгө жумшалат.
Белорусия азырынча өз маалыматын бере элек.