Кыргызстан 2021-жылы билим берүүгө ИДӨнүн 6,1%ын сарптаган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын билим берүү тармагына кеткен бюджеттик чыгашасы эң көп болгон.
Экинчи орунда Казакстан ИДӨнүн 4,4%, Орусия 3,6% жана Армения 2,7% сарптаган. Белоруссия билим берүү тармагына кеткен чыгым боюнча маалымат берген эмес.