Кыргызстан тышкы карыздын жарымынан көбүн жол куруу үчүн алган

01.02.2022, 16:38 Акчабар
Кыргызстан тышкы карыздын жарымынан көбүн жол куруу үчүн алган

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Жол фонду жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрүүдө.

Баяндамачы белгилегендей, Жол фондун 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү сунушталууда. Ошону менен бирге Жол фондунун бюджетин жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү, автотранспорт каражаттарын каттоо, максималдуу габариттерди таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдардан жана башка булактардан түзүү сунушталууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев өз сөзүндө жол тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн механизмдери сунушталып жаткандыктан, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, курулуш жана реконструкциялоо үчүн 30 жылдан ашык убакытта 2200 миң км жолдорго 2,5 млрд доллар жумшалды, бул республиканын тышкы карызынын 60% түзөт.

«Жол фондунун бюджетинин эсебинен 200 чакырым жолду капиталдык оңдоп-түзөө, аймактарда жолдорду куруу пландалууда. Фонддун ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, ал эми көзөмөлдөө Финансы министрлигине жүктөлөт», - деди Аалиев.

 

Тэги: Жол фонду Жогорку Кеңеш жол куруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу