Ушул жылдын беш айында кыргыз алтынынын чет өлкөгө ташылышы 1,7 тоннаны түздү. Анын эсебинен өлкөгө 109,2 млн доллар түштү.
Бир айда, апрель айынын аягынан майдын аягына чейин экспорттолгон алтындын көлөмү 334 миң 933,8 граммга же 10 миң 768 унцийге көбөйгөн. Бардык партия Бириккен Араб Эмираттарына кетти.
Баалуу металлды БАЭге жеткирүү өлкөгө 21,3 миллион доллар киреше алып келген. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына алтындын унцийин 1 миң 975 доллардан саткан деген бүтүм чыгарууга болот.
Кошумчаласак, былтыр ушул учурда БАЭге алтын экспорттолгон эмес.